“Даават кербени” Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарында.

КИУнун окутуучулары адатка айланткан «Даават кербенинин» кезектеги сапары Ысык-Көл облусуна уланды. «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата КИУ тарабынан уюштурулган алгачкы иш чара 12-январь күнү башталып, 14-январда аяктады.
 2

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер жамаатын Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков жылуу маанайда тосуп алды жана Жума күнү устаздарды мечиттерге кутбага бөлүштүрдү.

3

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер жамаатын “Адеп башаты” коомдук фондунун Ысык-Көл облустук филиалынын директору Аскарбек Акимбай уулу  жылуу маанайда тосуп алдып, “Даават кербенинин” Ысык-Көл облусуна келгенине өтө кубанычта экендигин билдирди.

4

Кыргызстан Ислам Университетиин ректору Марс Ибраев Ислам дининин нукура маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана Кыргызстан Ислам Университетинин иш-аракеттерине жакындан колдоо көрсөтүп, кызматташып келгени үчүн Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Сагындыков Алмазбек ажыны ыраазычылык барагы менен сыйлады.

6

Жоробай Шергазиев жана Ниматулла Ырыскулов устаздар Кара-Кол шаарындагы “Ильфат” руханий ислам таануу борборунда” эже-карындаштарга аял затынын укугу жана милдеттери тууралуу лекция окуп, суроолорго жооп беришти.

8

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев Ислам дининин Ысык-Көл облусунда жалпы эле Республикабызда, дүйнө жүзүндө кенен таралып, жайылуусунда аял затынын салымы өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

9

Жолугуунун аягында катышуучуларга кыргызча Куран котормосу, “Бейиш” гезити жана окуу жай басып чыгарган китептер таркатылды.

12

КИУнун ректору баш болуп, жалпы мугалимдер жамааты Кара-Кол шаарындагы беш, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорундагы жума окулчу мечиттерде баян кылышты.

13

Кыргызстан Ислам Университети ректору Марс Ибраев Кара-Кол шаарындагы тарыхый “Дунган” мечитинде кутба кылууда.

11

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Асыранкулов Абдулла устаз баян кылууда.

10

Кыргызстан Ислам Университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Бакытбек Ниязов баян кылууда.

14

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими, Азирети муфтийдин орун басары Шергазиев Жоробай устаз Кара-Кол шаарындагы борбордук мечитте кутба кылды.

15

Шергазиев Жоробай устаз Кара-Кол шаарынын эли менен жума намазын окуду.

21

Негизги максат болуп саналган даават иши аяктаган соң устаздар “Кара-Кол” эс алуу лыжа базасына чыгып, эс алышты.

18 17

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев, Азирети муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев жана КИУнун проректору Бакытбек Ниязов “Кара-Кол” эс алуу лыжа базасынды.

19 24 22 16

Устаздар эс алуу учурунда.

Добавить комментарий