“Даанышмандык үйү” хадис академиясынын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү

«Асанабил» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулган «Хадис» академиясынын ачылыш салтанаты болуп, академиясынын расмий лентасы кесилди. Академиянын ачылыш салтанатына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Марс ажы Ибраев, Тажидин ажы Байтейитов, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын директору Саид Баюми, КМДБнын эмгек жамааты, демөөрчүлөр, бийлик өкүлдөрү жана коноктор катышышты.

Ачылыш салтанатта Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев жалпы катышуучуларды хадис академиясынын ачылышы менен куттуктап, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун салам, куттуктоосун да жалпы элге жеткирди.

27

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев жана биринчи проректор Равшанбек Акимбай уулу Чубак ажыны алгачкылардан болуп куттукташты.

24

Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери келген конокторду жылуу тосуп алып, кызматта турушту.

4

Боордош Казак элинин акыны Балгынбек Имашев кыргыз аалымын куттуктап, ийгилик каалады.

8 7

Ачылуу аземи Ыйык Куран аятын окуу менен ачылды. Куран аяттарын белгилүү Нурмухаммед кары окуду.

9

Куран окулуп, дуа кылынган соң Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чубак ажыны жана жалпы кыргыз элин куттуктады.

10

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Чубак ажыга тон жана бакай калпак кийгизди.

11

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев академияга салган зор салымы үчүн Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын директору Сайид Баюмиге жана бир топ салым кошкон инсандарга жалпы Кыргызстан мусулмандарынын, муфтияттын жалпы эмгек жамаатынын атынан жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

12

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Сайид Баюми: «Чындыгында мен бүгүн өтө бактылуумун. Бул академия Кыргыз элине жалпы эле Орто Азия элине улуу аалымдарды чыгарган илим очогу болоорун тилеп кетем».

13

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев: “Аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору андыктан ар бир илим берүүчүнүн, аалымдын кадырына жете билүү керек. Анткени Молдо Сабыр ажыке, Максатбек ажы, Чубак устазыбыздай аалымдар ар бир элге эле бериле бербейт. Урматтуу Чубак ажы ушул куттуу илим очогуңуз кут болсун!».

15

Академиянын ачылуу аземине көптөгөн Массалаык Маалымат Каражаттарынан өкүлдөр келип, кызматын көрсөтүштү.

18

1

19

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Саид Баюми, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев «Даанышмандык үйү» Хадис академиясынын расмий лентасын кесишти.

20

Жалпы чогулган эл «бешим» намазын окушуп, дуа кылышты.

21

Кеченин аягында келген конокторго сый тамак тартууланды.

 

Добавить комментарий