Ыраазычылык билдирүү аземи

24-январь күнү Кыргызстан Ислам Университетинин айланасына жарык орнотуп, окуу жайга материалдык жактан колдоо көрсөткөндүгү үчүн «ЭЛСИСТ» компаниясынын жетекчиси Советбек Назаралиев, «Мега Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Нарбек Абдуллаев жана «Береке Констракшн» курулуш компаниясынын жетекчиси Тариел Султанов ыраазычылык барагы жана белектер менен сыйланды.

002

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев ыраазычылык билдирүүдө.

004

КИУнун ректору Марс Ибраев «Береке Констракшн» курулуш компаниясынын жетекчиси Тариел Султановго ыраазычылык баракчасын ыйгарды.

005

Ошондой эле Ислам Университетинин «Бейиш» гезитин жана окуу жай басып чыгарган бир нече китептерди белекке берди.

006

КИУнун ректору Марс Ибраев «Мега Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Нарбек Абдуллаевге ыраазычылык баракчасын ыйгарды.

007

КИУнун ректору Марс Ибраев «ЭЛСИСТ» компаниясынын жетекчиси Советбек Назаралиевге ыраазычылык баракчасын ыйгарды.

009

Окуу жайга материалдык жактан жардам көрсөткөн ишкер агаларыбызга КИУнун мугалими, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Асранкулов Абдулла устаз бата берди.

010

Ишкер агаларыбыздан Аллах ыраазы болсун!

014

Кыргызстан Ислам Университетинин жарык орнотулгандан кийинки көрүнүшү.

Добавить комментарий