1 айлык Куран үйрөнүү курсунун кезектеги бүтүрүүчүлөрү сертификат алышты.

Аземди Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Ташматов Султан агай ачып берип, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады. Курстун уюштуруучуларынын атынан Романкулов Төрөкул агай сөз сүйлөп, аз болсо да ар дайым уланып турган амал Аллага жагымдуу экенин баса белгиледи жана катышуучуларга ар дайым Куранды окуп турууну насаат кылды. Курстун мугалими Акжол агай курстун аягында 10 сүрө жана «Мүлк» сүрөсүн жаттагандарга белектерди убада кылган. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында аталган сүрөлөрдү 1 айдын ичинде жатка алгандар болду. Аларга Акжол агай Ыйык Куран китебин белеке берди. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кышкы эс алууда болгонуна байланыштуу сертификаттарын эс алуудан келгенде алышат.

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10

Добавить комментарий