Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарынан келген сыйлуу конок окуу жайды зыярат кылды.

Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарынан келген сыйлуу конок Шейх Мухаммад Хамис Аль-Хакам Аль-Али окуу жайды зыярат кылды. Абу-Даби шаарындагы Шейх Зайд Амман инсандык кайрымдуулук фондунан келген Мухаммад Хамис алгач  Университет менен таанышып чыгып, мугалимдер жамааты менен кенен баарлашты. Студенттер менен жолугуп, алардын абалын сурады. Коноко университет тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, окуу жай тууралуу кенен маалымат берилди. Баарлашуу учурунда эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Шейх Мухаммад Хамис Аль-Хакам Аль-Алинин айтымында Кыргызстанга болгон сапарындагы алгачкы зыяраты Ислам университетине болгон. Шейх Кыргызстан Ислам Университетинен кийин бир канча куран жаттаткан медреселерди, мечиттерди, жетимдер үйүн зыярат кылат. Жолугушуунун аягында Мухаммад Хамис Аль-Хакам Аль-Али Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректоруна ыраазычылыгын билдирди.

1 2 3 4 5 6 7 8 10 11 12 13 15 16 17 19 20 21 22 23 24 25 26 27

Добавить комментарий