Куран курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырылды

Кыргызстан Ислам Университетинин алдында ачылган 2 айлык Куран окууну үйрөнүү курсун ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырылды.

Сертификат тапшыруу аземин Кыргызстан Ислам Университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Бакытбек Ниязов ачып берди. Бүтүрүүчүлөрдү ийгилиги менен куттуктап, илимин дагы да өркүндөтүүсү зарыл экендигин баса белгиледи.

Курстун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраевке, жалпы эмгек жамаатына жана Куран окууну үйрөткөн мугалимдерине терең ыраазычылыгын билдиришип, ийгилик каалашты. Илим талап кылуучулардын арасында кыштын ызгаардуу суугунда ооруп жатканына карабастан атайын келип Куран окууну үйрөнгөн улуу аталар да бар. Алла Таала алган илимин пайдалуу кылсын деп тилеп кетмекчибиз.

5

Добавить комментарий