Студенттик кеңештин төрагасы 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

2016-жылдын 14-декабрында Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында “Кыргыз Республикасында эмгек укугу жаатындагы актуалдуу көйгөйлөр” деп аталган Жогорку окуу жайлар аралык илимий- теориялык конференция болуп өттү.

Ага Кыргызстан Ислам Университетинин студенттик кеңешинин төрагасы Бегбутаев Абдумажид жана 5-курстун студенти Муратбеков Кубаныч катышты. Кубаныч жана Абдумажид конференцияга активдүү катышкандыгы үчүн диплом алышты. Студенттик кеңештин төрагасы конференцияга активдүү катышып, мыкты деңгээлде доклад даярдаганы үчүн 1-даражадагы диплом жана “Раритет” китеп дүкөндөрүнөн китеп алууга сертификат менен сыйланды.

1 2 3 4

Добавить комментарий