2 айлык Куран окууну үйрөнүү курсунун алгачкы тайпасы жыйынтыкталды.

13-декабрь / КИУнун алдында ачылган 2 айлык Куран курсунун бүтүрүүчүлөрү Ректордун колунан сертификат алышты.

2 3 13Бардык нерсенин чыныгы түп нускасы баалуу да сапаттуу да болот эмеспи, анын сыңарындай Ыйык Куранды да Жараткан тарабанан Араб тилинде түшүрүлгөн, нукура түп нускасында окуганга не жетсин. Арабча окуганды билген киши Куранды туура жана так окуй алат. Мындай аракети менен ал Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) айткандай бир тамганы окуу менен он соопко ээ болот. Бул дагы да болсо илим алуунун баа жеткис пайдаларынан. Бул тилек-максат көпчүлүк мусулман бир туугандарыбыздын тилек кылган кыялы. Бүгүнкү күндө мына ушул кыялдары орундалган бир топ агаларыбыз бар. Алар КИУнун алдында ачылган 2 айлык Куран курсун аяктаган биздин бактылуу бүтүрүүчүлөрүбүз. Ага-инилерибиздин арасында ар тармакта эмгектенип, билим алгандары бар.

Баса белгилей кетчү нерсе, илим алуучулардын арасында Сергей аттуу орус улутундагы мусулман бир тууганыбыздын аракети бизди кубанычка бөлөдү.Жыйынтыктоо аземине КИУнун ректору 616Ибраев Марс ажы өзү катышып, катышуучуларга сертификат ыйгарды. Окуу жайыбыздын мүдүрү:Илим алуунун зарылдыгы, пайдасы тууралуу насаат кылып, ушуну менен токтоп калбастан алган илимдерин дагы да өркүндтүү зарыл экендигин айтты. Марс Каипович көпчүлүкө үлгү болгондугу үчүн Сергей мырзага өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Урмуттуу мусулман бир туугандар! Кыргызстан Ислам Университети илим-билимге чаңкаган бардык жарандар үчүн эшигин кенен ачат. Билим алуу – бакубат жашоого багыттоо, андыктан өз бактыбызды табуу үчүн келиңиздер илим алайлы, көп окуйлу! Алгачкы ыйык кабар да Жараткан тарабынан Пайгамбарыбызга “Оку” деп түшкөн.Куран окууну үйрөнүү курсуна катталууну каалагандар төмөнкү телефондор менен байланышсаңыздар болот:
0704020259
0778444147

Даярдаган: Тынчтык Акматов (КИУ 5-курс)

Добавить комментарий