«Айтматов ааламы»

2016-жылдын 12-декабрында КИУнун студенттик кеңеши Бишкек шаардык студенттик кеңештин жана Лидер жаштар клубу менен биргеликте улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовду эскерүү күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу иш-чараны уюштурду.

7

Алгач студенттер жазуучунун сөөгү коюлган Ата-Бейит комплексине барып, Куран окушту. Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун “Үй-музейине” барышты. Ал жерде КИУнун студенттер кеңешинин төрагасы Бегбутаев Абдумажид иш-чараны уюштурууга кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйланды. Ошондой эле КИУнун 1-курсунун студенти Ибрагимов Иманмалик “Ч. Айтматовдун мага таасир берген чыгармасы” аттуу дил баян конкурсунан 1-орунду алгандыгы үчүн ардак грамотасы менен жана улуу жазуучунун “Тоолор кулаганда” китеби менен сыйланды. Эскерүү кечеси “Манас” университетинин жыйындар залында жыйынтыкталып, “Манас” университетинин студенттик кеңешинин төрагасы университеттин ректорунун атынан КИУнун ректору Марс Ибраевке ыраазычылыгын билдирип, окуу жайыбызыдын студенттик кеңешине ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Добавить комментарий