Кыргызстан Ислам университети 2020-2021 окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу шарттары

Кыргызстан Ислам университети 2020-2021 окуу жылына абитуриенттерди кабыл алат. Кабыл алуу Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде https://2020.edu.gov.kg/ онлайн порталы аркылуу ишке ашырылат.

Кыргызстан Ислам университетинде 2020-2021 окуу жылына абитуриенттер үчүн:
Теология адистиги боюнча 64 контракттык орун,
Араб филологиясы адистиги боюнча 62 контракттык орун,
Шарият адистиги орундар ачылды

Теология жана Араб филология адистигине абитуриенттерди кабыл алуу ЖРТ (ОРТ) жыйынтыгынын негизинде https://2020.edu.gov.kg/ онлайн порталы тарабынан ишке ашырылат, ал эми Шарият адистигине тапшыруу үчүн +996 222 425 656 (Whatsapp) номерине байланышыңыздар болот.

ЖРТ (ОРТ) негизинде кабыл алуунун турлары:
1-туру: 20.07.2020, саат 08:00дон — 22.07.2020, саат 14:00го чейин;
2-туру: 27.07.2020, саат 08:00дон — 29.07.2020, саат 14:00го чейин;
3-туру: 03.08.2020,  саат 08:00дон — 05.08.2020,  саат 14:00го чейин
даталары арасы ишке ашырылат.


Кыргызстан Ислам университетине жогоруда жогоруда көрсөтүлгөн адистиктерге тапшыруу үчүн:

1. Төмөнкү видео аркылуу https://2020.edu.gov.kg/ порталга кирип катталышы керек:

2. Абитуриент Онлайн порталы (https://2020.edu.gov.kg/) тарабынан берилген жеке кабинетте кирип керектүү документтердин (паспорт, аттестат, 3х4 сүрөт жб) баарын «Персональные данные«(Персоналдык маалыматтар) баракчасына төмөнкү инструкция аркылуу кабыл алуунун 1-туруна чейин толтуруп коюусу абзел:

3. Төмөнкүдө көрсөтүлгөн Абитуриенттин университетти (ЖОЖду) тандоо инструкциясы аркылуу өзүңүздүн жеке кабинетиңизде «Выбрать ВУЗ» (ЖОЖду тандоо ) баракчасына кирип:
Регион – г. Бишкек (Бишкек ш),
ВУЗ (ЖОЖ) –Кыргызстан Ислам университети,
Факультет«Гуманитардык билимдер факультетин»,
Направление (Багыт) – Теология, же Филология,
Обучение (Окутуу)Контракт,
Специальность (Адистик)Теология, же Араб филологиясы,
Форма обучение (Окутуунун формасы) – Очное
дегендердин баарын тандап толтуруп, акырында «Регистрация талона» (Талонду каттоо) кнопкасын басып, кошумча чыккан Уведомление о регистрация талона (Талондуу каттоо боюнча эскертүүдө) да «ОК» баскычына басып өз талонуңузду тандалган кесипке каттай аласыздар.

4. Кыргызстан Ислам университети тарабынан 2020-2021 окуу жылына Теология жана Араб филологиясы кесиптерине бөлүнүп берилген орундарга абитуриенттер, жогоркуда көрсөтүлгөн инструкция боюнча, талондорду каттагандан кийин Кыргызстан Ислам университети тарабынан абитуриентерди кабыл алуусу тастыкталат. Абитуриенттин Кыргызстан Ислам университетине кабыл алынганы анын жеке баракчасында, «Список ВУЗов» (ЖОЖдордун тизмеги) баракчасында Подтверждено ВУЗом деп төмөнкү сүрөттөй белгиленип калат:


ЭСКЕРТУУ: Кыргызстан Ислам университетине 2020-2021 окуу жылына ЖРТнын (Жалпы Республикалык Тестирөөнүн) жыйынтыгы боюнча www.2020.edu.gov.kg онлайн порталы аркылуу тапшырууда кандайдыр бир суроолор пайда болгон болсо +996 708 529 697 (Whatsapp) телефону чалып, же жазып суроолоруңузду узатсаңыздар болот.