«Ата-эне жана туугандар менен болгон мамиле» деген темада семинар

29-февраль Кыргызстан Ислам университети «Жаш Демилге» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жан дүйнө азыгы» долбоорунун алкагында уюштурган семинар болуп өттү.

Семинардын спикери КИУнун окутуучусу Кубатова Айнура устаза «Ата-эне жана туугандар менен болгон мамиле» деген темада семинар өттү.

Семинарда кызыктуу суроолор жана жан дүйнөнү азыктандыра турган пайдалуу кеңештер айтылды. Семинарга катышкан эжелерибиз, апаларыбыз Айнура устазага ыраазычылыгын билдиришти.

Жалпы катышкан апаларга, эжелерге жана Айнура устазага терең ыраазычылык билдиребиз!