Каракол шаарында «Үй-бүлөнүн баалуулуктары» семинары өттү

28-февраль күнү Каракол шаарынын К. Жантөшев атындагы драмтеатрында Кыргызстан Ислам университетинин шарият кафедрасынын башчысы устаз Шермухаммед Ташматов «Үй-бүлөнүн баалуулуктары» деген темада семинар өттү.

Семинардын соңунда бардык келген Каракол шаарынын тургундарын китеп окууга үндөп, КМДБ жана КИУ тарабынан уюштурулган «Окуган муун-жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсуна катышууга чакырды.