Балыкчы шаарында Ш. Ташматов агайдан «Бекем үй-бүлө мамлекеттин пайдубалы» семинары

27-февраль күнү Балыкчы шаарынын мэриясынын залында Кыргызстан Ислам университетинин шарият кафедрасынын башчысы устаз Шермухаммед Ташматов «Бекем үй-бүлө мамлекеттин пайдубалы» деген темада семинар өттү.

Семинардын соңунда бардык келген Балыкчы шаарынын тургундарын китеп окууга үндөп, КМДБ жана КИУ тарабынан уюштурулган «Окуган муун-жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсуна катышууга чакырды.