«Ислам баалуулуктары», Курманкожоев Кенжетай устаз , «Жан дүйнө азыгы» долбоору

22-февраль Кыргызстан Ислам университети «Жаш Демилге» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жан дүйнө азыгы» долбоорунун алкагында уюштурган семинар болуп өттү.

Семинардын спикери КИУнун ага окутуучусу, КМАКтын мүчөсү Курманкожоев Кенжетай устаз «Ислам баалуулуктары» деген темада семинар өттү.

Семинарда кызыктуу суроолор жана жан дүйнөнү азыктандыра турган пайдалуу кеңештер айтылды. Семинардын аягында Кенжетай устазга университетибиз тарабынан ыраазычылык баракча жана белектер тапшырылды. Семинарга катышкан эжелерибиз, апаларыбыз да ыраазычылыгын билдиришти.

Жалпы катышкан апаларга, эжелерге жана Кенжетай устазга терең ыраазычылык билдиребиз!