21-февраль, Нарын медресесинде Ш. Ташматов устаз “Ийгиликтүү үй-бүлө” аталышындагы темада аялзатына семинар өттү.

21-февраль күнү Нарын шаарындагы Нарын медресесинин жыйындар залында Кыргызстан Ислам университетинин Шарият кафедрасынын башчысы устаз Шермухаммед Ташматов “Ийгиликтүү үй-бүлө” аталышындагы темада аялзатына семинар өттү.

Семинарга Нарын облустук мусулмандар казыятынын билим берүү, мечиттер бөлүмүнүн адиси Сейит ажы Исаев жана Нарын шаарынан келген жүздөн ашуун кыз-келиндер катышты. Семинарда устаз Шермухаммед Ташматов үй-бүлө, ата-энеге кылган мамиле, бала тарбиясы темаларында баяндама жасады.

Семинардын жүрүшү абдан таасирдүү болуп, аялзаты кенен маалыматтарга ээ болушту жана ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле, устаз Шермухаммед Ташматов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштуруп жаткан «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалымат берди.