“14-февраль Эл аралык китеп белеке берүү күнүнө” кайрымдуулук акциясы

14-февраль күнү Кыргызстан Ислам университети Акниет окуу борбору менен биргеликте “14-февраль Эл аралык китеп белеке берүү күнүнө” карата кайрымдуулук тамак-аш жана китеп жарманкеси болуп өттү.
САДАКА берген адам — эң жакшы адамдардын бири жана ошол садаканын берилишине катышкан адамдардын баарына сообу бирдей тийет!
Кайрымдуулук-алуучуга да,берүүчүгө да пайдалуу иш. Кайрымдуулукка муктаж адам ага жеткенде адамдарга болгон таарынычы азайып, ыраазычылык абалын сезет. Ал эми кайрымдуулук кылган адам эрктүүлүк,марттык менен кылган жакшы ишинен кубат алат. Инсандын муктаждыгын билип жардам кылган адамга ушундай бир ырахат бар,аны бир гана тажрыйба кылгандар билет. Алар бул ырахатты жалпы коомчулук менен бөлүшкүлөрү келип жатат.