«Аймактарды өнүктүрүүдө Ислам баалуулуктарынын орду» аттуу илимий конференция

Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович үстүбүздөгү жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы»-деп жарыялаган жарлыгынын алкагында 11-майда Кыргызстан Ислам Университетинде профессор Утуров Кытайбек агайдын жетекчилиги менен 2-курстун студенттери илимий конференция өткөрүштү.

«Аймактарды өнүктүрүүдө Ислам баалуулуктарынын орду» аттуу илимий конференция балдар арасында жана кыздар арасында өзүнчө өткөрүлдү. Конференцияны КИУнун проректору Ниязов Бакыт агай ачып берип, ректор Абдишүкүр ажы Нарматовдун саламын жолдоп, катышуучуларга ийгилик каалады.  Илимий конференцияга университеттин мугалимдери, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери менен университетибиздин 2-курстары катышып, докладдарын окушту. Катышуучуларга ыраазычылык баракчалары менен кошо белектер тапшырылды.

КМДБ окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан Иминов Айбек, КИУнун мугалими Мамажусупова Каным жана Кубатова Айнура ошондой эле бир катар коноктор атайын чакырылып, өз ой-пикирлери менен бөлүштү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *