КИУнун мугалимдери Нарын облусунда практика өтөп жаткан студенттерди зыярат кылышты

Кыргызстан  Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун буйругу менен окуу жайыбыздын шарият кафедрасынын жетекчиси Акматжан уулу Шермухаммед агай, КИУнун мугалимдери Дервишев Эрмат жана Абдулла Криж агайлар 10-11-май күндөрү Нарын облусунда практика өтөп жаткан студенттерди зыярат кылышты.

Иш сапар алкагында КИУнун мугалимдери Нарын облусунун казысы Ибраев Мамбетасан ажыны зыярат кылышып, казы Умра сапарында болгондугуна байланыштуу казыяттын өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдиришти. Окуу жайдын мугалимдери Нарын облусундагы Мамбетакун Бекмуратов орто мектебинин директору менен жана практика өтөп жаткан студенттер менен жолугушту. Студенттер мектептерде, медреселерде адеп, ыйман, адеп-ахлак тууралуу сабактарды өтүшүп, жаш өспүрүмдөргшө Куран сабактарын уюштуруп жатканына күбө болуп кайтышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *