Кыргызстан Ислам университетинин бүтүрүүчүлөрү Ысык-Көл облусунун казыяты менен биргеликте Каракол шаарында Куран конкурсун өткөрдү

Кыргызстан  Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун буйругу менен окуу жайыбыздын шарият кафедрасынын жетекчиси Акматжан уулу Шермухаммед агай, КИУнун мугалимдери Дервишев Эрмат жана Абдулла Криж агайлар 9-май күнү Ысык-Көл облусунда практика өтөп жаткан студенттерди зыярат кылышты.

Иш сапар алкагында КИУнун мугалимдери Ысык-Көл облусунун казысы Сагындыков Алмаз ажы менен жолугушуп, ыраазычылык билдиришти жана Ысык-көл облусунун мусулмандар казыяты КИУнун практикадагы студенттери менен биргеликте уюштурушкан Куран жарышына күбө болушту. Ысык-Көл облусуна окуу жайыбыздан 8 студент бөлүнгөн. Окуу жайыбыздын практикант студенттери өздөрү практика өтөп жаткан шаар, айылдардан мыкты даярдыктагы жаш өспүрүмдөрдү жарышка алып келишкен. Каракол шаарындагы борбордук мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн Куран жарышында мыктылар аныкталып,  жеңүүчүлөргө Кыргызстан Ислам Университети жана казыят тарабынан даярдалган ардак грамоталары, акчалай белектер, китептер тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *