2018-жылдагы Рамазан айынын башталышы Аалымдар Кеңеши тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-майына белгиленди

Бүгүн, 11-май күнү Кыргызстан Ислам университетинин жыйындар залында Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы, Аалымдар кеңешинин жалпы мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр катышышты.

Жыйында 2018-жылдагы Рамазан айынын башталышы Аалымдар Кеңеши тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-майына белгиленди

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алейхи васаллам) өз сөзүндө: «Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла»-деп буйруган. (Сахих муслим 1081).

2018-жылдагы Рамазан айынын башталышы Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-майына белгиленди.

ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмүкүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *