Кыргызстан Ислам университетинин алдында ачылган 2 айлык куран курсунун айымдар бөлүмү  кезектеги бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырды.

Куран курсунун жетекчиси, Кыргызстан Ислам университетинин мугалими Романкулов Төрөкул агай Куран окууну үйрөнгөн эже-карындаштарыбызга мындан ары да Куран окууну улантып кетүү зарыл экендигин баса белгиледи жана сертификат алуусу менен куттуктады. КИУнун теология кафедрасынын окутуучусу Ташматов Султан агай Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун саламын жолдоп, куттуктады жана курстун катышуучуларына илим жолунда ийгилик каалады. Катышуучулар КИУнун ректору Абдишүкүр агайга жана курсутун жетекчилерине, мугалим эжейлерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *