Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган жазгы спорттук оюндар жыйынтыкталды

Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний мекемелер арасындагы спорттук мелдештердин 2018-жылдагы жазгы оюндары 5-май күнү “Азхария” тил үйрөтүү борбору тарабынан борбор калаабызда болуп өттү.

Футбол боюнча устаздар арасында өткөрүлгөн оюнга 13 команда (Куран Нуру, Көлмө, Шаршенбай ажы, Усман, Арабаева, Кыргызстан Ислам Университети, Ибн Аббас, Арашан, Аль-Фарук, Марва ТВ, Азхария, Муфтият, Асыл кенч, Адеп башаты коомдук фонду, Борбордук мечит), студенттер арасында 9 команда (Куран Нуру, Көлмө, Шаршенбай ажы, Усман, Арабаева, Кыргызстан Ислам Университети, Ибн Аббас, Арашан, Аль-Фарук ), волейбол боюнча устаздар арасында 6 команда (Куран Нуру, Борбордук мечит, Асыл кенч, Адеп башаты, Усман, Арашан), студенттер арасында 9 команда (Куран Нуру, Көлмө, Шаршенбай ажы, Усман, Арабаева, Кыргызстан Ислам Университети, Ибн Аббас, Арашан, Аль-Фарук), жалпысынан 37 команда ат салышты.

Жыйынтыгында футбол боюнча устаздар арасында өткөрүлгөн оюнда 3-орунду Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер жамаатынын командасы, 2-орунду “Азхария” тил үйрөтүү борбору, 1-орунду “Марва ТВ” теле студиясы, ал эми студенттер арасында 3-орунду “Көлмө” медресеси, 2-орунду И.Арабаев атындагы КМУ жана 1-орунду Кыргызстан Ислам Университетинин курама командасы алды.

Волейбол боюнча устаздар арасында 3-орунду “Куран Нуру” Ислам институту, 2-орунду “Асыл кенч” коомдук фонду, 1-орунду “Усман медресеси, ал эми студенттер арасындагы оюнда 3-орунду “Куран Нуру” Ислам институту, 2-орунду Кыргызстан Ислам университети, 1-орунду “Көлмө” медресеси алды.

Жеңүүчүлөргө “Азхария” тил үйрөтүү борбору тарабынан ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кошумчалай кетсек волейбол боюнча “Асыл кенч” коомдук фондунан Убраимов. А, “Көлмө” медресесинен Давлетбаев Нурсултан, ал эми футбол боюнча Кыргызстан Ислам Университетинин студенти Атамбеков Али, И. Арабаев атындагы КМУ нун студенти Турдуев Ислам мыкты оюнчулар деп табылды жана ардак грамоталары менен сыйланды.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан бир катар ак сакал устаздар да акчалай жана ардак грамоталар менен сыйланды. Мелдештин аягында экс муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналып Куран окулуп бата тилектер айтылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *