Кыргызстан Ислам университетиндеги жазгы спорттук оюндар жыйынтыкталды

28-апрель күнү Кыргызстан Ислам университетинин уюштуруу тобу жана студенттик кеңеши тарабынан уюштурулган жазгы спорттук иш чаралары өткөрүлдү.

Футбол жана волейбол боюнча өткөрүлгөн спорттук таймашка агайлар жана студенттерден 11 команда катышып, жеңүүчүлөргө ардак грамоталары менен кошо акчалай сыйлыктар тапшырылды. Аалымдар кеңешинин төрагасы, ректорубуз Абдишүкүр ажы Нарматовдун демилгеси менен курулган спорттук аянтчабызда өткөрүлгөн алгачкы спорттук мелдеш эрте менен саат 9 да башталып, өтө сонун маанайда уланды жана кечки саат 9 да аяктап, жыйынтык чыгарылды. Спорттук мелдешке агайлар жана студенттер жигердүү катышышып, өз командаларына дем берип, колдоп кубаттап турушту. Спорттук аянттын курулуш иштери бүткөндөн бери студенттерибиз футбол жана волейбол боюнча өз ара машыгууларды өткөрүп тургандыктан студенттердин деңгээли мурдагы таймаштарга салыштырмалуу мыкты даражада экендиги байкалып турду. Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов илимий иш сапары менен Россия федерациясынын Якутск шаарында жүргөндүгүнө байланыштуу КИУнун окуу иштери боюнча проректору Матраимов Абдиваси агай ректордун атынан студенттерди куттуктады жана жеңүүчүлөргө белектерин тапшырып. Ошондой эле уюштуруу тобуна, спорттук мелдештин өтүүсүндө чоң кызмат көрсөткөн төрага Кадырв Гапарга жана студентик кеңештин жигиттерине ыраазычылык билдирди. КИУнун мугалимдери жылдагыдай эле жеңиштерин студенттерге ыйгарышты. Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунга 2-“А”, 2-орунга 3-“Б”, 3-орунга 2-“Б” группалары, ал эми футбол боюнча өткөрүлгөн таймашта 1-орунга 3-“Б”, 2-орунга “Бүтүрүүчүлөр”, 3-орунга 1-“А” группалары ээ болушту.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *