Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун Россия федерациясынын Сибирь аймагына болгон илимий иш сапары.

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун Россия федерациясынын Сибирь аймагына болгон илимий иш сапары.

КМДБнын Урал, Сибир жана Ыраакы Чыгыш аймагынын өкүлү Жусубалиев Сүйүн ажынын уюштуруусу менен Аалымдар кеңешинин төрөгасы, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов илимий иш-сапары менен РФнын Якутск шаарына болгон сапарда, РФдагы Саха (Якутия) Республикасынын Азирети Муфтийи Муса Сагов менен жолугушту. Жолугушууда Азирети муфтий Муса Сагов конокторду жылуу кабыл алып, каалоо-тилектерин айтып, эки өлкөнүн диний кызматашуусуна даяр экенин билдирип, Кыргызстан аалымдарын Якутскге бат-бат келип туурууга чакырды. Ошондой эле, Абдишүкүр ажы Нарматов да Азирети Муфтий Муса Саговго каалоо-тилектерин айтып, кызматташууга даяр экендигин билдирди. Кыргызтан Аалымдар кеңешинин атынан ыраазылык баракчасын жана белектерин ыйгарды. Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов 28-апрель күнү динге кызмат кылган мекендештерибиздин чакан жамаатына сабак өтүп, 29-апрель күнү Якутск шаарындагы борбордук мечитте шаардагы мекендештерибизге сабак өттү.

Добавить комментарий