“Китеп – жашоо булагы” аттуу китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

18-апрель шаршемби күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстан Ислам Университети, “Дил азык” басма үйү жана “Адеп башаты” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Китеп — жашоо булагы” аттуу китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, “Адеп башаты” коомдук фондунун мүдүрү Нурлан Субанов, “Дил азык” басма үйүнүн жетекчиси Алманбет Осмон уулу, КИУнун проректорлору, конкурстун демөөрчүлөрү жана сыйлуу коноктор катышты.

Кече акындардын айтышы жана сахналаштырылган окуялар менен коштолду. Аземдин аягында жеңүүчүлөрдүн аты аталып, сыйлыктар тапшырылды.

“Жүрөктөрдүн ачкычы” китеби боюнча 349 упай менен Сыймык Нурдинов 20 000 сомго, 352 упай менен Гүлнара Яйчибекова 30 000 сомго, 352 упай менен Туйбаев Талгат 40 000 сомго, 357 упай менен Кадыров Нурланбек 50 000 сомго ээ болушту. Ал эми аталган китеп боюнча 1-умра сапарына жолдомону 362 упай менен Ташматова Мукарам, 2-умрага жолдомону 363 упай менен Маматалиева Алтынай утуп алышты.

“Адам акысы” аттуу китептен бирдей 254 упай менен бир чыкканына байланыштуу чүчү кулак өткөрүлүп, жыйынтыгында Элбурс Эркинбаев 5 000 сом, Мырзагул уулу Кубаныч 10 000 сом байгеге ээ болушту. 255 упай менен Базарбаев Өмүрбек 20 000 сомго, эки катышуучу бирдей 256 упай топтогонуна байланыштуу чүчүкулак өткөрүлүп, жыйынтыгында умра сапарына Имран уулу Дооронбек, 30 000 сомго Нурланбек уулу Нурмухаммед ээ болду.

“Взаимные права людей” аттуу китеп боюнча 428 упай менен Ош шаарынан Абытов мырза 5000 сомго, 429 упай менен Сайфудинова Хамида 10 000 сомго, 436 упай менен Айтбаева Айгүл 20 000 сомго, 441 упай менен бирдей упай топтогон эки катышуучунун арасында чүчүкулак өткөрүлүп, жыйынтыгында умра сапарына жолдомого Кылычбекова Наргиза, ал эми 30 000 сомго Жанжигитов Нурлан ээ болду.

Ошондой эле ар бир китеп боюнча алдыңкы упай топтогондорго кошумча кызыктыруучу белектер тапшырылды. Эң жаш катышуучуга жана эң улуу катышуучуга да сыйлуу белектер ыйгарылды.

Окуу жайбыздын ректору Абдишүкүр ажы Нарматов китеп окуунун зарылдыгына басым жасап, элибизди илим алууга, китеп окууга үндөдү жана жеңүүчүлөрдү сыйлыгы менен куттуктады.

Кеченин аягында окуу жайыбыздын “Бейиш” гезити уюштурган “Каттал, оку, ут” аттуу акциясынын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды. 1орун Ноутбук — Исраилова Нуржан, 2-орун Планшет — Туркобаева Бактыгул, 3-орун Смартфон — Байзаков Болотбек жана ошондой эле гезитибиздин сумка, кепка, футболкалары тапшырылды.

Добавить комментарий