Араб тили кафедрасы 1-курстун студенттери арасында билим таймашын өткөрдү.

Кыргызстан Ислам Университетинин Араб тили кафедрасы 14-апрель күнү 1-курстун студенттери арасында билим таймашын өткөрдү.
 
Конкурска Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, араб тили кафедрасынын жетекчиси Керимбеков Алтынбек агай, араб тил мугалими Устаз Абдулла Криж жана КИУнун мугалимдери, студенттери катышышты. Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди жана катышуучуларга ийгилик каалады. Араб тили жарышында студенттер окуу жылында алган билимдерин өз ара сынап көрүштү жана араб тилинде видео тасма тартып, атайын сахналаштырылган окуяларды чагылдырып, нашиддерди окушту. Араб тили кафедрасынын жетекчиси Керимбеков Алтынбек агайдын айтымында студенттердин билим деңгээли жылдан жылга жакшы көрсөткүчтө өнүгүүдө. Билим таймашы кызуу өтүп, жыйынтыгында 1-курс балдар арасында “Т1” группасы 288 упай менен 1-орунга, 282 упай менен “в” группасы 2-орунга жана 244 упай менен “б” группасы 3-орунга ээ болушту. Ал эми 1-курс кыздар арасында өткөрүлгөн билим таймашында “Т2” группасы 283 упай менен 1-орунга, “б” группасы 278 упай менен 2-орунга, “Т3” группасы 266 упай менен 3-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий