Араб тили боюнча билим таймашы 2-курстар арасында өткөрүлдү

Кыргызстан Ислам Университетинин Араб тили кафедрасы 9-апрель күнү 2-курстун студенттери арасында билим таймашын өткөрдү.

Конкурска Кыргызстан Ислам Университетинин араб тили кафедрасынын жетекчиси Керимбеков Алтынбек агай, араб тил мугалими Устаз Абдулла Криж жана КИУнун мугалимдери, студенттери катышышты. Араб тили боюнча  жыл сайын окуу жайдын жалпы студенттерине өткөрүлүп келе жатан жарыш быйыл 1-2-курстар арасында өткөрүлүп жатат. Анткени бул жылы бүтүрүүчү курстарга (3-4-5-курстарга) шарият кафедрасы шарият илимдери боюнча билим таймашын өткөргөн. Араб тили жарыштары өтө кызыктуу өттү. Студенттер окуу жылында алган билимдерин өз ара сынап көрүштү. Жарышта студенттер араб тилинде видео тасма тартып, атайын сахналаштырылган окуяларды чагылдырып, нашиддерди окушту. Араб тили кафедрасынын жетекчиси Керимбеков Алтынбек агайдын айтымында студенттердин билим деңгээли жылдан жылга жакшы көрсөткүчтө өнүгүүдө. Билим таймашы кызуу өтүп, жыйынтыгында 2-курс балдар арасында “в” группасы 53,75 упай менен 1-орунга, 52 упай менен “б” группасы 2-орунга жана 49,25 упай менен “а” группасы 3-орунга ээ болушту. Ал эми 2-курс кыздар арасында өткөрүлгөн билим таймашында “б” жана “г” группалары бирдей упай менен 1-орунга, “а” группасы 2-орунга, “в” группасы 3-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий