КИУнун студенттик кеңеши Кыргызстан Жаштары Ассоциациясы менен ишембилик өткөрдү

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаковдун «Таза коом жана таза жашоо» демилгесинин негизинде Кыргызстан Жаштары Ассоциациясы  2018-жылдын 7-апрель күнү Бишкек шаарынын түндүк чет жакасындагы аймактарда (объездной трасса) ишембилик өткөрдү.

Ишембиликтин негизги максаты айлана-чөйрөнү тазалап коомчулука жана жаратылышка пайда алып келүү. “Дени сак улут, таза жашоо- бул өлкөнүн келечеги” деп бекеринен айтылбаса керек, биз жашап жаткан айлана-чөйрө канчалык таза болсо жашообуз, дем алган аба да таза болот. Өкмөт башчыбыздын демилгесин колдоп, 7-апрель күнү Кыргызстан Ислам Университетинин студенттик кеңешинин төрагасы жана студенттик кеңештин мүчөлөрү Кыргызстан Жаштары Ассоциациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын түндүк чет жакасындагы аймактарда (объездной трасса) ишембилик өткөрдү. Студенттер жакында боло турчу III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата жаштар тарабынан кабыл алынган “Iʼm nomad” (Мен көчмөн) деген ураанды жана чакырыкты(хештег) тоо бетине жазып кооздоо менен ишембиликти жыйынтыкташты. Тоо бетине жазуунун себеби өлкөбүздү туризм брендине айландырган Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын реклама кылуу жана даңазалоо болуп саналат.

Добавить комментарий