“Китеп – жашоо булагы” аттуу китеп окуу конкурсунун катышуучулары тест түрүндө сынак тапшырышты.

Бүгүн, 1-апрель жекшемби күнү Кыргызстан Ислам Университети, “Дил азык” басмаканасы жана “Адеп башаты” коомдук фонду биргеликте өткөрүп жаткан “Китеп – жашоо булагы” аттуу китеп окуу конкурсунун катышуучулары тест түрүндө сынак тапшыршты.

Республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан конкурс борбор калаабыз Бишкек шаарында Кыргызстан Ислам Университетинде айымдарга, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде айымдарга жана мырзаларга, ошондой эле М. Кашгари атындагы чыгыш университетинде мырзаларга өткөрүлдү.

Ал эми аймактарда болсо облустардын борборлорунда Токмок, Кара-балта, Нарын, Талас, Каракол, Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Баткен жана Кызыл-кыя шаарларында өткөрүлдү.

“Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында 5 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул конкурстун быйылкы жылдагы өзгөчөлүгү “Жүрөктөрдүн ачкычы”, “Адам акысы” жана “Взаимные права людей” аттуу 3 китептин негизинде оптикалык тест түрүндө алынды. Мурда тесттин жыйынтыгын чыгарууда ондогон адамдар отуруп кайра кайра текшерип чыгышкан болсо, бул жолкусунда компьютердин жардамы менен жыйынтык бат чыгарылат. Ошондой эле “Китеп – жашоо булагы” конкурсунун дагы бир өзгөчөлүгү – ар бир облустан да өзүнчө жеңүүчүлөр аныкталып байгелер ыйгарылат” – деди, “Дил азык” басма үйүнүнүн жетекчиси Алманбет Осмон уулу.

Конкурстун жыйынтыгы ушул жылдын 18-апрель күнү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында чыгарылып, уюштуруучулар тарабынан сыйылык тапшыруу аземи өткөрүлөт.

Добавить комментарий