Бүгүн, 31-март ишемби күнү Кыргызстан Ислам Университети ишембилик өткөрдү.

Ислам дини тазалыкка өтө көңүл бөлөт. Курани Каримде, Хадистерде тазалыкка өзгөчө басым жасалган. Ал эми динибиздеги шарият китептеринин баары тазалык бөлүмүнөн, даарат китебинен башталат. Анын сыңарындай “тазалык, мекенди сүйүү ыймандан” деген ураан астында Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери Бишкек шаарындагы Свердлов районунун администрациясы менен биргеликте өткөрүлгөн иш чарада Осмонкул көчөсүндөгү каналдын жээгин тазалашты. Л. Толстой көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейинки аралыктагы каналдын жээги таштандылардан тазаланып, иш-чарага Кыргызстан Ислам Университетинин бир нече мугалимдери жана 150 дөн ашык студенттери катышышты. Ошондой эле Кыргызстан Ислам Университетинде да ишембилик өткөрүлүп, окуу жайдын айланасы жана аудиториялар тазаланды. Иш чарага катышкан бардык мугалимдерге жана студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий