КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов спорттук аянттын курулуш иштеринен кабар алды

Бүгүн, 30-март берекелүү жума күнү Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов окуу жайыбыздын студенттери үчүн курулуп жаткан спорттук аянттын курулуш иштеринен кабар алды.

2017-жылдын ноябрь айында Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Устаз Абдишүкүр ажы Нарматовдун демилгеси менен студенттерге спорттук аянттын курулуш иштери башталган. Жаздын келүүсү менен курулуш иштери уланып, бүгүн янтка газон төшөлдү. Ректор Абдишүкүр ажы Нарматов курулуш иштеринен кабар алып, окуу жайдын чарба иштери боюнча бөлүм башчысы Узеналиев Салим агайга бир топ тапшырмаларды берди. Кудай буюрса жакынкы аралыкта ачылуу аземи болуп, диний мекемелердин башын бириктирип, ден-ссолукту бекемдеген спорттук аянт болот деген жакшы үмүттөбүз.

Добавить комментарий