И. Арабаев атындагы КМУнун ректору окуу жайыбызды зыярат кылды

Бүгүн, 27 – март шейшемби күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Кыргызстан Ислам Университетин зыярат кылып, Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов менен жолугушту.

Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, анда ректор Абдишүкүр ажы Нарматов Кыргызстан Ислам Университети жөнүндө кеңири маалымат берди.

КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Кыргызстан Ислам Университети КМУ менен билим берүү, маданият жана спорт тармагында иш алып барып, бул тармактагы иштерге И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2016-жылдын 26-октябрында түзүлгөн келишимдин негизинде чын дилден көмөктөшөрүн жана кызматташуу тезирээк ишке ашат деген ишеничте экендигин баса белгиледи.

Төлөбек Абылович Кыргызстан Ислам Университетининин ишмердүүлүгү менен таанышып, мугалимдер жамааты жана студенттер менен жолугушту. Жолугушуунун аягында КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Кыргызстан Ислам Университетине ар тараптан көмөк көрсөтүп келгендиги үчүн КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек агайга терең ыраазычылыгын билдирди.

Добавить комментарий