Ишеби күнү Кыргызстан Ислам Университетинде жана карылар үйүндө КИУнун студенттери ишембилик өткөрүштү.

Кыргызстан Ислам Университетинин студенттик кеңеши Март айын “Тазалык айы” деп жарыялап, аталган айдын алкагында 10-март күнү Ысык ата районунун Төмөнкү Серафимовка айылындагы  социалдык стационардык мекемесине барып, ишембилик өткөрдү. Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери аталган мекемени жана айланасын тазалап, кайрымдуулук иш аракеттерин аткарышты. Студенттер карылар үйүнүндөгү жашы улгайган инсандар менен жолугушуп, алардын жашоо шарты менен таанышышты.

Добавить комментарий