Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун Москва шаарына болгон иш сапары

11-март/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Кыргызстан Мусулмандарынын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, Орусия Федерациясынын Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кеңешчиси Азамат Исмагамбетов жана КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Москва шаарынын Муфтийи Ильдар Аляутдинов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Москва шаарынын Муфтийи дин башкармалыктын ишмердүүлүгү, Муфтияттын алдындагы “Зекет” фондунун жана “Дар” маданий борборунун ишмердүүлүгү боюнча айтып, бул иштердин бардыгы туура динди жеткирүүдө жана Ислам дининин баалуулуктарын коомчулукка көрсөтүүдө өзүнүн салымын кошоорун билдирди. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов Москва шаарынын Муфтийи Ильдар Аляутдиновго жылуу тосуп алгандыгы үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз эилинин саламын жолдоду.

12-март/ Москва шаарындагы 6 миң орундуу Crocus City Hall залында Мавлид кечеси өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана Казакстан Республикасынын белгилүү дин аалымы Абдугафар Сманов, Орусия Федерациясынын Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кеңешчиси Азамат Исмагамбетов жана Москва шаарынын Муфтийи Ильдар Аляутдинов катышты.

Мавлид кечеси эки бөлүктөн өтүп, биринчи бөлүгүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Мавлид кечесине келген жарандардын суроолоруна жооп берип, өзүнүн нускалуу кеп-кеңештерин берди. Ал эми Мавлид кечесинин экинчи бөлүгү оор турмушту сүрөттөгөн жана учурдун көйгөйлүү көрүнүштөрүн чагылдырган сахналаштырылган чыгармалар менен коштолду. Ошондой эле дин аалымдары өздөрүнүн баяндарын айтып, Москвада эмгектенип жүргөн мекендештерди ыймандуу, адилеттүү, боорукер жана кайсыл өлкөдө болбосун ал жердин мыйзамдарын сактоого чакырышты.

Мавлид кечесинин соңунда билеттер ойнотулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана Умра сапарына жолдомо берилди.

Булак: http://muftiyat.kg/ky/news/moskva-shaaryndagy-crocus-city-hall-zalynda-mavlid-kechesi-otup-aga-belgiluu-din-aalymdary

Добавить комментарий