“Аль манзууматуль байкууния” китебинен өткөрүлгөн китеп окуу жарышынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Кыргызстан Ислам университетинин Ислам илимдер кафедрасы ноябрь айында Мусталах хадис сабагы боюнча “Аль манзуумату аль байкууния” китебинен студенттер арасында кошумча сабактын негизинде конкурс жарыялап, аталган конкурс 19-февраль күнү өткөрүлгөн. Жарышка Кыргызстан Ислам университетинин студент балдары катышып, өз билимдерин сынап көрүшкөн. Алгач сабакка 60 тан ашуун студент катышкан болсо алардын арасынан 21 студент алдыга чыгып, 19-февраль күнү сынак тапшырышты. Бүгүн 7-март күнү жеңүүчүлөр аныкталып, белектер өз ээлерине тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземине Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, КИУнун проректорлору, мугалимдер жана студенттер катышты. Калыстардын берген баалары боюнча жыйынтыгында Насимов Ахрориддин 1-орунга ээ болуп, ноутбук менен, Сейитказиев Чаткал 2-орунга ээ болуп, планшет менен, Султанов Сейиталы 3-орунга ээ болуп, 3000 сом менен жана Исматиллаев Ырысбек 4-орунга ээ болуп, 2000 сом менен сыйланды. Калган студенттерге сертификаттар тапшырылды. Өлкөбүздөгү билим берүүнүн өсүп-өнүшүнө, ошондой эле Кыргызстан Ислам университетинин студенттеринин билим-деңгээлин жогорулатууда материалдык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн “Мухаммед-Умар” ачык акционердик коомунун негиздөөчүсү Өмүрзаков Улукбек мырзага терең ыраазычылык билдиребиз! Жараткан эки дүйнөнүн жакшылыгын ыроолоп, ыраазы болсун!

Добавить комментарий