КИУнун ректору студенттер менен жолугушту

Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов 6-мартта окуу жайдын студенттери менен жолугушуп, лекция өттү. Жолугушуу учурунда ректор Түштүк Кореяга болгон иш сапары, ал жактагы мекендештерибиз, алардын жашоосу, жумушуна тактыгы, тазалыгы жана Түштүк Кореянын өнүгүү сырлары тууралуу студенттерге пайдалуу кеп курду. Лекциянын аягында Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов стдунттерди берилген милдетти так аткарууга, жумушка, убакытка так болууга, денени, жан дүйнөлөрдү жана айлана чөйрөнү таза кармоого, ошондой эле Мекенибизди ардактап сүйүүгө чакырды.

Добавить комментарий