Бейиш гезити жана Кыргызстан Ислам Университетинин студенттик кеңеши тарабынан 20 — февралда кыздар арасында «кайчы пикир» аталышындагы дебат болуп өттү.

Бул дебат Кыргызстан Ислам Университетинин 3-курс кыздар арасында өткөрүлүп, «вирус» жана «мейкиндик» командалары таймашышты.
Тема: Интернеттин пайдасы жана зыяны тууралуу болду.
Жыйынтыгында «Интернеттин зыяндуулугу» тууралуу жактаган «вирус» командасы жеңишке жетип, сыйлуу белектер тапшырылды.
Вирус командасынан эң мыкты оюнчу Орозбек кызы Жылдыз ал эми Мейкиндик командасынан Турдалиева Алтынай деп табылды.
Эскерте кетсек Кыргызстан Ислам Университетинин алдында «Дебат» клубу ачылды. Бул ишти Жараткан буюруса «Дебат» клубу өз колуна алып улантып кетүү иштерин карап жатат.

Добавить комментарий