КИУнун проректору Марс ажы Ибраев Россия Ислам Университетинин проректору менен жолугушуп, билим берүү жаатында пикир алышты.

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов иш сапары менен Түштүк Кореяда жүргөнүнө байланыштуу 20-февраль күнү КИУ нун проректору Марс ажы Ибраев Башкортостан Республикасынын Россия Ислам Университетинин проректору Ахметов Мурсаль Альбертович менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу алкагында эки өлкөнүн диний билим берүүдөгү алакалары, жетишкендиктери, биргелешип иштөө жаатында жана 2017-жылдын 18-20-октябрында РИУ жана КИУ нун эки тараптуу түзүлгөн келишими талкууланды.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Россиянын борбордук мусулмандар диний башкармалыгынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча түзүлгөн келишиминин негизинде 2017-жылдын 18-20-октябрь күндөрү Ислам билимин жайылтуу, ислам баалуулуктарын ардактоо жана ага мусулмандарды тартуу, азыркы замандагы адеп-ахлактык жана диний кризистин өсүүсүнө бөгөт коюу жана туура эмес диний агымдардын пайда болуусун алдын алуу максатында Россия Ислам Университетинин (РИУ) ректору Сулайманов Артур Русланович жана Кыргызстан Ислам Университетинин (КИУ) ошол учурдагы ректору Ибраев Марс Каипович эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшкан. Кол коюулган келишимди бекемдеп, дагы да кеңейтүү тууралуу жаңы пландар талкууланып, жыйынтыгында “Салттуу исламда акыйдадагы (ишенимдеги) актуалдуу суроолор” деп аталган квалификацияны жогорулатуу программасына кол коюшкан. КИУ нун проректору келишимдин негизинде орус тилдүү имамдарыбыздын блимин жогорулатып, алардын квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурган семинарлары үчүн ыраазычылык билдирди. РИУ нун проректору студенттер менен жолугуп, алрга акыл насаатын айтты.

Добавить комментарий