“Аль манзуумату аль байкууния” китебинен өткөрүлгөн китеп окуу жарышына катышкан студенттерден сынак алынды

Кыргызстан Ислам Университетинин Ислам илимдер кафедрасы ноябрь айында Мусталах хадис сабагы боюнча студенттер арасында “Аль манзуумату аль байкууния” китебинен студенттер арасында кошумча сабактын негизинде конкурс жарыялаган эле. Сабакты Кыргызстан Ислам Университетинин Шарият илимдер кафедрасынын жетекчиси Шермухаммед Акматжан уулу өткөн. Жарышка Кыргызстан Ислам Университетинин студент балдары катышып, өз билимдерин сынап көрүштү. Алгач 60 тан ашуун студент катышкан болсо алардын арасынан 21 студент калды жана 21-февраль күнү сынак тапшырышты. Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Курманкожоев Кенжетай устаз жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн халал иштери боюнча адиси Токтогазыев Бактыяр ажы студенттерден сынак алышты. Сынактын шарты боюнча студенттер “Байкуния” китебин жатка айтышат, маанилерин жана хадистин түрлөрүн аныктап беришти. Жарыштын жыйынтыгы жакынкы аралыкта чыгарылып, жеңүүчүлөргө: 1-орунга ноутбук, 2-орунга планшет, 3-орунга 3000 сом жана 4-10-орунга чейин кызыктыруучу белектер берилет. 

Добавить комментарий