Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун  Түштүк Кореяга болгон расмий иш сапары жогорку деңгээлде өтүп, мекендештерибиз менен жолугушту.

Жолугушуу Корей элинин улуттук  설날 (Сольналь) “Туугандыкты бекемдөө” майрамына карата “Аманат” фонду тарабынан уюштурулуп, Устаз  Абдишүкүр ажы Нарматов Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында ошондой эле Сувон, Пусан, Каннын шаарларында мекендештерибизге “Ислам терроризимге каршы”, “Адал эмгек”, “Ата-энени урматтоо жана туугандыкты бекемдөө”, “Мекенди сүйүү” ошондой эле  чет жердин мыйзамын сактап, улуттар аралык достукту бекемдөө максатындагы баяндамаларды айтты.

Ал эми мекендештерибиз жолугушуунун акырында эстелик үчүн сүрөткө түшүшүп, өздөрүнүн ыраазычылыктарын айтуу менен Кыргызстанга Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан мекендештердин атынан салам жолдошту.

Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов бүгүн, 18-февраль күнү Түштүк Кореянын Каннын шаарында мекендештерибиз менен жолугушту. Жолугушууга бир гана Кыргыз улутундагы мекендештерибиз эмес, түрк тилдүү жалпы мусулман бир туугандарыбыз да катышты.

Каннын шаарындагы мекендештер менен болгон жолугушуу учурунда “Даанышмандуулук, илим-билим жана жакшылыкка умтулуу – мусулман адамдын жоготкон нерсеси. Аны кайсыл жерден тапса да сөзсүз алуусу керек” – деди Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов. Дүйнөлүк кышкы олимпиада оюндары өтүп жаткан Түштүк Кореянын Каннын шаарындагы борбордук мечиттин имамы Аматов Муса Эркинович аттуу кыргыз бир тууганыбыз экендиги бизди кубандырды.

Устазбыбыз Түштүк Кореядагы мекендештерибиздин ийгиликтерин көрүп, өтө кубанычта экендигин билдирди. “Түштүк Кореяда билим алып жүргөн жана эмгектенип жаткан мекендештерибиздин ал жакта үйрөнгөн билимдерин, алган тажырыйбаларын келечекте Кыргызстанга барып, өнүктүрүү сыяктуу бийик максаттары бар экени мени кубандырат. Өзгөчө бул жердеги мекендештерибиздин биримдиги, жакшылык жамандыкта чогулуп, ынтымакта жүргөнү кубанычтуу көрүнүш” – деди, Алымдар кеңешинин төрагасы жана КИУнун ректору Устаз  Абдишүкүр ажы Нарматов.

Корея элинин илим-билимге кызыгуусу, жумушка бекемдүүлүгү, убакытка тактыгы, экономикалык жана техникалык жактан өнүгүүсү, шаарларынын тазалыгы жаатта кандай үлгүлөрдү алууга болот? Кореядан алган үлгүлөрүбүздү Кыргызстанда кандай ишке ашырууга болот? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп катарында, Устазыбыз Түштүк Кореяга болгон иш сапары тууралуу Кыргызстанга келгенде атайын Жума кутбасын өтөт. Устазыбыздын Түштүк Кореяга болгон иш сапары тууралуу жума кутбасын чыдамсыздык менен күтөбүз.

Добавить комментарий