Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучулары жана студенттери кан тапшырышты

Кыргызстан Ислам Университетинде Республикалык кан борборунун көчмө топ бөлүмү өз каалолору менен донор болом  деген студенттерден  кан алышты.

Иш чараны “Ыйман” фонду уюштуруп, Республикалык кан борборунун көчмө топ бөлүмүнүн алгачкы кан алуу иш аракеттерин Кыргызстан Ислам Университетинен башташты. Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов кан тапшырып жаткан донорлор жана дарыгерлер менен жолугушуп, кан тапшыруу деги эле башкаларга пайдалуу иш аракеттерди аткаруу динибиздеги сооптуу амалдардан экендигин айтып, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

“Пайгамбарыбыз хадисинде: “Адамдардын эң жакшысы – башка адамдарга пайдасы тийгени. Ал эми амалдардын эң жакшысы – башкаларга кубаныч тартуулоо” — деген. Кан тапшыруу – чоң сооп жана кайрымдуу амал. Кайрымдуу инсандардын тапшырган каны аркылуу бир канча адамдардын жанын сактап калууга мүмкүн. Башкаларга жашоо тартуулоо – динибиздеги эң чоң сооптуу иштерден болуп саналат. Акыркы учурда жалпыбызды кайгыга салган унаа кырсыктары көп катталды. Ошол кырсыктарга кабылган мекендештерибиздин жанын сактап, башкаларга да жашоо тартуулоо максатында кан тапшырып жаткан мусулман бир туугандардын сооп иштерин Жараткан Алла Таала кабыл кылсын, кызмат кылып жаткан дарыгерлерден жана сооптуу иш чараны уюштуруп жаткан инсандардан Алла Таалам ыраазы болсун!” – деди Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов.

«Донордук кандын запасы күн сайын төмөндөп, аны өлчөмү мурда белгиленгенден эки эсеге азайып барат. Республикалык кан борбору донордук канга муктаж экендигин билдирип, жарандарды кан тапшырууга чакыруудабыз. Биз Кыргызстан Ислам Университетине кат түрүндө кайрылган элек. Мына минтип студенттерибиз донорлук канга муктаж мекендештерибиз үчүн өз каалолору менен донор болушууда»-дейт Республикалык кан борборунун көчмө топ бөлүмүнүн башчысы  Кудайбердиева Айгүл.

Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучулары, студенттери жана кайрымдуу мекендештерибиз донор болушту. Донордук кыймылды өнүктүрүү, жаштарды гумандуулукка үйрөтүү жана бири-бирине аяр мамиле жасоого чакыруу атуулдук милдетибиз.

Добавить комментарий