Ыраазычылык билдирүү

6-январь күнү Кыргызстан Ислам университетин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Россия Федерациясынын Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарындагы өкүлү ЖУСУБАЛИЕВ СҮЙҮМБЕК АБДИРАЕВИЧ зыярат кылып, КИУнун ректору жана окутуучулар жамааты менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов эки элдин ортосундагы ынтымакты, дин жаатындагы мамилелерди бекемдегендиги, чет өлкөдөгү мекендештерибиздин диний муктаждыктарын камсыздоодо эбегейсиз зор салым кошкондугу үчүн Жусубалиев Сүйүмбек Абдираевичти Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйлады.

Эң мыкты амал – Алла Таала менен соодалашуу амалы. Ошол амалыңыздын акыбети кайтсын. Алла Таала эч нерседен кем кылбасын! Жасаган ар бир ишиңиздин үзүрүн көрүп, ак эмгегиңиз арта берсин!

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов. Ошондой эле КИУнун жана Аалымдар кеңешинин жалпы жамааты.

Добавить комментарий