Даават кербени «Ысык көл — 2018»

Аймактарды  өнүктүрүү  жылынын алкагында Кыргызстан Ислам Университетинин  окуутучулар жамааты кышкы эс алуу учурунан пайдаланып, “Ысык-Көл-2018” аталыштагы тарбиялык — практикалык кербени менен  облус боюнча бардык шаар, райондордун борбордук мечиттеринде  жума баяндарын өтүп, мекендештерибизди ыймандуулукка, адептүүлүккө, ынтымак-биримдүүлүккө  жана мекенди, эл-жерди сүйүүгө чакырды. 17-19-январь күндөрү өткөрүлгөн иш чара Ысык-Көл облусунун  казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун жана КИУнун окутуучулар жамаатынын демилгеси менен Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун макулдашуусу аркылуу ишке ашырылды. Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер жамааты Ысык-Көл облусунун  казысы Алмазбек ажы Сагындыков жана “Адеп башаты” коомдук фондунун Ысык-Көл облусундагы жетекчиси Акимбай уулу Аскарбек ажылар менен университеттин студенттерин практикага жөнөтүү жана кызматташуу жаатында бир топ маселелерди карап чыгышты. Иш чаранын алкагында окуу жайдын окутуучулар жамааты казыят кызматкерлери менен бирге “Каракол” тоо базасына барып, эс алып келишти. КИУнун окутуучулары Каракол шаарындагы “ЖИА” Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурган Каракол шаарындагы ишкерледин башын бириктирген чакан кечеге катшышты жана “Кут билим” окуу комплексинин имаратынын курулуш иштери менен жеринен таанышышты. Ошондой эле окутуучулар жамааты Каракол шаарынын коопсуздук кызматкерлери менен спорттук мелдештерге катышып, мекенибиздин тынчтыгын камсыздоого салымын кошуп келген кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий