15-декабрда «Жан дүйнө азыгынын» «Бактылуулуктун сырлары» аттуу семинары болуп өттү

“Жан дүйнө азыгынын” 15-декабрдагы семинары “Бактылуулуктун сырлары” деген темада А. Осмонов атындагы улуттук китепканада болуп өттү. Семинарды Кыргызстан Ислам Университетинин проректору жана Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс ажы Ибраев өтүп, бактылуулуктун сырларын кенен ачыктап берди жана бактылуу үй бүлө куруунун кээ бир ачкычтарына токтолду. Биз алардан кыскача бөлүшкөнгө аракет кылдык.

“Жан дүйнө азыгынын” 15-декабрдагы “Бактылуулуктун сырлары” аттуу семинары.

Бактылуу болуунун шарттары:

  • Кубаттуу ыйман

Эгер чындап бактылуу болууну кааласак анда ыйманыбызды кубатташыбыз керек. Ыйманыбыз күчтүү болуусу үчүн ыймандын талаптарына ишенип, амал кылуубуз керек. Ыймандын талаптары адамдын күчү жете турган эле нерселер болуп саналат. Бир аз убакытты бөлүү керек жана эркти бекем тутуу керек. Алла Таала аткар дегенди аткарасыз жана тыйыл дегенден тыйыласыз. Бактылуу болуу үчүн жалгыз ыйман жетишсиз. Ыймандын артынан амал кылуу керек болот.

  • Жаман (негатив) ойлордон алыс болуу

Бактылуу болуунун дагы бир шарты – бул позитивдүү ой жүгүртүү. Жакшы ниет, арзуу жана дуа кылуу. Кара мүртөз, жаман ойлордон алыс болуу – бактылуулуктун ачкычы болуп эсептелет. Алла Таала менен байланышы күчтүү болгон, Алла Тааладан үмүтүн үзбөгөн адам эч качан бактысыз болбойт. Ал сөзсүз бир күнү бактылуу болот. Ошондуктан Алла Тааладан үмүттү үзбөйбүз жана ар дайым жакшы ниет кылабыз. Ал эми бактылуу болуу үчүн жакшы ниет кылып коюп, үмүт кылып, дуа кылып отура берүү жетишсиз. Ал үчүн аракет кылып, Алла Таала ыраазы боло турган жакшы амалдарды аткаруусу керек.

  • Бош учурду туура пайдалануу

Инсандын табияты бош нерсени кабыл кылбайт. Бош учурду адам баласы пайдалуу же пайдасыз нерсе менен толтурат. Ошондуктан бош учурларды сөзсүз пайдалуу амалдар менен толтуруу керек. Пайдалуу амалдар абдан көп. Ибадатты, зикир, дуаларды көбөйтүү, жалкоолукту таштоо, өзүңө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалоо деген принципти туу тутуп башкаларга көмөк көрсөтүү сыяктуу  жана башка көптөгөн жакшы амалдар менен бош учурларды толтуруу керек.

  • Каниет (шүгүр) кылуу

Каниеттин тескериси болгон  каниетсиздик, тойбостук, ач көздүк – бактылуулуктун жолун тосот. Колунда бар нерсеге каниет кылбагандыктан азыркы учурда үй бүлөлөрдө уруш-талаштар келип чыгууда. Бактылуулуктун жолун издеген адам колунда бар нерсеге шүгүр кыла билмейинче бактылуу боло албайт. Себеби азына каниет кыла билбеген адам, эртең көбүнө да каниет кыла албайт.

  • Коомдук жардамдашуу жана чыдамкайлык

Жалгыздан эмес, чогулуп жамаат менен иш алып баруу – бактылуулукка, ийгиликке жетүүнүн жолун арбытат. Жардамга муктаж болгон инсандарга чогулуп, жардам берүүнү өзүбүзгө эреже кылалы.

  • Бактылуулуктун башаты – бул уябыз болгон үй бүлөбүз

Үй бүлө – коомдогу өтө маанилүү бир бирикме. Үй бүлө – жөн гана бири-биринин кызыкчылыктарын көздөп, канааттандыруучу гана жай эмес, балким өзүнөн кийин келе турган урпактарды улантуучу, кийинки урпакиарга үлгү боло турган уя деп айтсак болот. Үйлөрүбүз өзгөчө эркектер үчүн кечинде келип эс алып, кайра эрте менен чыгып кетүүчү мейманкана сыяктуу болбосун. Же болбосо тамактануучу кафе, ашкана сыяктуу болбоосу керек.

Бактылуулукту инсан өзү курат. Ага башка бирөө келип бактылуулукту куруп бербейт.

Үй бүлө бактылуу болуусу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

  • Үй бүлөнү Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн куруу. Үй бүлө куруучу жаштар, бул сулуу экен, бул күчтүү экен жана башка ниеттерде эмес, Кудай Тааланын ыраазычылыгын көздөп кургула. Алла Таала кандай инсанга ыраазы болот? Үй бүлө курууга даяр болгон эркек жана аял кишиге ыраазы болот. Бала багуунун, яалдар күйөөсүнө баш ийүүнүн ал эми эркектер аял кишиге аяр мамиле кылуунун пазилеттүүлүгү сыяктуу үй бүлөлүк маселелерди үйрөнүүсү керек.
  • Сүйүү жана сүйүлүү. Үй бүлө курганда жарыңды сүйүү жана ага сүйүлүү. Сүйүлүү дегендик — мүмкүн болушунча терс мүнөздөрүңдү көрсөтпөй аларды оңдогонго аракет кылуу. Бул жасалмачылыка жатпайт. Анткени үй бүлө куруу жалгыз жашоо эмес. Жалгыз болгондо сен каалагандай кыймылдайсың. Бирок үй бүлө куруп жатканда адам баласы өзүн түздөөсү керек. Пайгамбарыбыз (САВ) хадисинде: “Момун мусулман диндеш бир тууганын сүйгөн болсо сүйүүсүн билдирсин” – дейт. Жубайлар бири бирине сүйүүсүн билдирип туруусу керек.
  • Биргеликте дуа кылуу. Эки жаш үй бүлө курганда бири-бирине дуа кылуусу керек. Жаңы үйлөнгөн эки жаш урушуп кетет да, эми болбойт окшойт ажырашып өз өзүнчө бир ай жашап көрөлү дейт. Бирок бакчага бир көчөт эгебиз, ошол көчөт өнүп, көгөрүп кетчү болсо кайра үйлөнөбүз, а эгер өнбөсө анда жашабайбыз деп чечим чыгарышат. Экөө эки жака кетет. Бир күнү кечинде жигит жанагы көчөт солуп калбасын деп, түн ичинде суу алып барат, барса берки жактан кыз да суу алып акырын көчөттү көздөй келе жаткан болот. Демек эч ким үй бүлөнүн бузулуусун каалабайт. Ошондуктан болбогон бир кичинекей нерселерден келип чыккан таарынышуулардан улам үй бүлөнү бузбоо керек. Үй бүлөнү сактаганга аракет кылуу өтө зарыл.
  • Үй бүлөгө жакшы маанайда келүү жана жагымдуу тосуп алуу. Келер замат буйрук берип, орой мамиле кылбастан бир аз отуруп, ал-абал сурашып, баарлашып андан кийин анан үй кийимин кийип кенен отуруу керек. Аял киши да жагымдуу кийим, жакшы маанайда тосуп алуусу керек. Бактылуулукту кармай билүү үчүн алгач сүйүү, ал эми сүйүү үчүн урматтай билүү керек. Бири-биринин кээ бир кемчиликтерин көтөрө билүү керек.
  • Жубайлар бири-биринин жакшы көргөн белгилүү даталарын эстен чыгарбоо керек. Мисалы: жубайы курман айтты өтө чыдамсыздык менен күтүп, ар дайым өзгөчө белгилесе, демек ошол күнү атайын бир кой союп, даам жасап өзгөчө белгилөө керек. Же болбосо үйлөнгөн күндү атайын эскерип, ошол күндө жакшы каалоо тилектерди айтып, белек тартуулап, маанайын көтөрүп коюусу керек. Себеби инсан жакшылыктын кулу болот. Кичинекей бир жакшылык менен инсандын жүрөгү жылып, жакшы көрүү сезими күч алат, ал эми бул үй бүлөнүн бактылуу болуусуна алып келет. Атаандашуудан алыс болуу керек. Себеби атаандашуу бактысыздыка алып келет.

Ошондой эле буйрук эмес сурануу формасында кайрылуу, эрте мененки же кечки тамактарга чогу отуруу, жубайыңыздын ата-эне, бир туугандары менен урмат-сыйда болуу жана ар дайым үйдөн чыгарда дуа менен узатуу булардын баары бактылуулуктун ачкычтары болуп саналат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *